super.kg logo
  Саясат  

Улан Жумаков: "Коомчулукта айтылып жүргөн "соттордун куратору" деген түшүнүктү жоюш керек"

 

Улан ЖумаковБүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.

Жарандык активист жана юрист Улан Жумаков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү керектүү орган деген пикирде.

"Бул бөлүм өзүнүн функцияларын толук аткара турган болсо, ал коом үчүн, сот тармагы үчүн пайдасын бере турган кызмат. Аталган бөлүмдү жоюп салганда, адамдар каякка кайрылып, сот тармагындагы иштер кантип көзөмөлдөнмөк эле. Коомчулукта айтылып жүргөн "соттордун куратору" деген түшүнүктү жоюш керек, коомдун аң сезиминен алып салуу керек, бул жерге келген адамдар эл үчүн иштеген, элдин арыз-муңун уккан адам болушу зарыл", - дейт Жумаков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Максат Сабиров, Алмамбет Шыкмаматов, саясий илимдердин доктору Канатбек Азиздин пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: