super.kg logo
  Саясат  

Максат Сабиров: "Жаңы президент ким менен иштешем десе, ошолорду кызматка коюп жатат"

 

Максат СабировБүгүн, 15-майда Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаевди кызматынан бошотту. Акыркы мезгилде коомдо бул бөлүмдү жоюп салуу сунуштары айтылууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Ак Үйдөгү сотторго кураторлук кылган кызматты калтыруу керекпи же жоюп салган оңбу?" деп собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров өлкөдөгү кадр саясатын сынга алды. "Азыр бир гана Манасбек Арабаев эмес, башка министрлер да алмаштырылып жатат. Чындыгын айтканда, команда өзгөрүп жатат. Жаңы президент ким менен иштешем десе, ошолорду кызматка коюп жатат. Бирок бийлик алмашкан сайын кадрларды алмаштыра бербешибиз керек. Мамлекеттик систем бөлөкчө болуш керек, астында иштеген адамдар өз ордуларында калышы зарыл. Өнүккөн мамлекеттерде чиновник же ооруп кетет же соттолуп кетет же өз каалоосу менен кетет. А бизде министрге чейин алмаштырып жиберишет. Чоң кадрдык баш аламандык ушундан улам болууда", - деди Сабиров.

Ал эми соттук иштерге Манасбек Арабаевдин кийлигишкен же кийлигишпегенин билбей турганын кошумчалады депутат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алмамбет Шыкмаматов, саясий илимдердин доктору Канатбек Азиз, жарандык активист Улан Жумаковдун пикирлери төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: