super.kg logo
  Саясат  

Ушул жылдын 5 айында “Түндүк электр” ишканасы өз убагында төлөбөгөн 91000ден ашуун абоненттин электр энергиясын чектеди

 
2013-жылдын 5 айында “Түндүк электр” ишканасы өз убагында төлөбөгөн 91 000ден ашуун абоненттин электр жарыгын өчүрдү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 2670 рейд жүрүп, электрди пайдалануу эрежелерин бузган 127 өнөр жай абоненттерине 6 миллион сомго акты жазылган. Мындан сырткары 3493 турмуш-тиричилик абоненттерине 11 миллион сомго жакын суммадагы акты жазылган. Ошондой эле өз убагында төлөбөгөн 91 000ден ашуун абоненттердин  электр жарыгы өчүрүлгөн. Жоготууларды төмөндөтүү жана энергиянын эсеп тутумун жакшыртуу максатында жыл башынан бери карай “Түндүк электр” 6877 эсептегичти имарат тышына чыгарып, 5533 эски жабдууну жаңы жабдууларга алмаштырган. Иш-чаралардын натыйжасында көрсөтүлгөн мезгилде ишкананын акча төлөмдөрүн чогултуу 21 миллион сомго жогорулап, жоготуулар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга төмөндөгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: