Бишкекте жаңы курулуп жаткан соода борборунан кулап жаракат алган куруучунун абалы оор
Бишкекте жаңы курулуп жаткан соода борборунан кулап жаракат алган куруучу боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан "Ала-Арча" соода борборунан кулап кеткен адам ошол жерде куруучу болуп иштеген. Ал 28 жаштагы Ж.Н. аттуу адам болгон. Кырсыктын кесепетинен анын омурткасы сынып кеткен. Учурда Бишкек шаарындагы 4-ооруканада дарыланып жатат. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Бишкекте жаңы курулуп жаткан соода борборунан 1 адам кулап, жаракат алганы маалымдалган.




1 |