Билим берүү министри окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын айтты
Окуу жылынын башталышы 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдырылышы мүмкүн. Учурда бул маселе чечилип жатканын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 15-май күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Кудайбердиеванын айтымында, окуу жылынын башталышын которуу балдардын ден соолугуна да пайдалуу болот.
"Биздин жаратылыш шарттарыбызды эске алуу менен окуу жылынын башталышын которуу сунушу балдардын ден соолугуна да пайдалуу. Алар жылуу мезгилди толук кандуу эс алуу үчүн натыйжалуу пайдалана алышат. Ошондой эле окуу процессинин башталышын которуу туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин берет. Эгерде окуу жылынын башталышы 10-сентябрга жылдырылса, тийиштүү түрдө, окуу жылы 31-майга дейре узартылат. Ошол эле учурда окуу жылынын которулушу мугалимдердин сааттык жүктөмүнө жана эмгек акысына таасирин тийгизбейт деп ишендирип кетем", - деди министр.
Белгилей кетсек, окуу жылын 1-сентябрдан 15-сентябрга жылдыруу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган. Мындай демилгенин максаты туристтерди тейлөөнүн мөөнөтүн узартуу, балдардын кенен эс алуусуна жана ата-энесине түшүм жыйноого жардам берүүсүнө шарт түзүү катары түшүндүрүлгөн.
Бирок атайын түзүлгөн жумушчу топ окуу планы боюнча бир канча ай анализ жасап көрүп, окуу жылын 15-сентябрдан эмес, 10-сентябрдан баштаса туура боло тургандыгын чечкен.









1 |