Мухаммедкалый Абылгазиев: "Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр, анткени бул келечекке болгон инвестиция"

"Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр, анткени бул келечекке болгон инвестиция". Мындай сөзүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-майда өткөргөн кеңешмесинде айтканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Кеңешме мектептерди интернет менен камсыздоо маселеси боюнча өтүп, ага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев катышты.
Кеңешмеде Абылгазиев республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыздоо өкмөттүн чечиши керек болгон артыкчылыктуу маселелеринин бири экендигин айтты.
Гүлмира Кудайбердиева учурда республиканын мектептеринин 55 пайызында интернет жеткиликтүү экенин маалымдады. "Бардык мектептерди интернет менен камсыздоо бир катар маселелерди чечүүгө шарт түзөт. Биздин жетишкендиктерибиздин бири жаңы окуу жылынан тарта 5 жана 6-класстын окуучуларынын тиешелүү окуу китептеринин топтомдору менен 100 пайызга камсыздалышы болуп эсептелет. Тажрыйба көрсөткөндөй, окуу китептерин 5 жыл сайын алмаштырып туруу зарыл. Ошону менен бирге жыл сайын жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет 500 миллион сомго жакын бөлүшү керек", - деп түшүндүрдү министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигине заманбап технологияларды колдонуу менен окуу китептерин чыгарган басмакананы ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Аталган чечим өлкөдө окуу китептерин басып чыгаруунун заманбап тутуму үчүн зарыл басма үйлөрүн уюштуруу процессин ишке киргизет.
Бакыт Шаршембиев белгилегендей, учурда калган бардык мектептерди интернетке кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө жана ал була-оптикалык линиянын курулушунан соң толугу менен жыйынтыкталат.
Буга байланыштуу өкмөт башчы була-оптикалык линиянын курулушунун аяктоо мөөнөтүн аныктоону, андан соң кезектеги кеңешмеге даярдык көрүүнү тапшырды.




1 |