super.kg logo

Талант Мамытов Сапар Исаковду ЖЭБ кырсыгы боюнча жоопкерчиликти моюнга алууга чакырды

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Анын жүрүшүндө депутат Талант Мамытов мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду ЖЭБ кырсыгы боюнча жоопкерчиликти моюнга алууга чакырды.

"ЖЭБ боюнча коррупциялык элементтер аныкталды. Исаков бул фактылар боюнча сын-пикирлерди туура кабыл алып, жоопкерчилик менде деп айтканда, биз мындай төмөн даражага түшпөйт элек. Жаап-жашыруу аракеттери болду. "600 долларлык кычкач" делген шаймандар базарда болгону 2,5 миң сом экен. Дагы кандай далил керек. Бааны 10 эсе ашык коюп жатат.

2017-жылы 10-майда кышка даярдык боюнча жыйында премьер-министр ар бир меш жана от казандар боюнча даярдык көрүлсүн деген өкмөттүн токтомун чыгарыптыр. Сапар Исаковдун өкмөтү 25-августта келип, ант берген. Кийин кышка даярдык боюнча отчёт берген. Бирок ЖЭБ боюнча биз күнөөлүү эмеспиз деп жатат. Күнөөң болсо кабыл алыш керек, башкага жүктөбөш керек", - деди Мамытов.

Сапар Исаков ЖЭБ боюнча айыбы далилденсе, жооп берүүгө даяр экенин айтып, 386 миллион доллар боюнча эл аралык аудит жүргүзүүнү колдоорун билдирди. Анын бул пикирине Алтынбек Сулайманов каршы чыгып, "ага акчабыз да убактыбыз да жетпейт. Убакыттын созулушу күнөөлүүлөрдүн пайдасына гана иштейт" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: