super.kg logo

"Аламүдүн Гранд" соода борборунда MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борбору ачылды

 

Өз туулган күнүндө MegaCom "Аламүдүн Гранд" соода борборунда жаңы Сатуу жана тейлөө борборун ачты. Бул күндүн аталган соода борборунун кардарлары үчүн эсте каларлык болгондугу бекеринен эмес. Аларды кош майрамдын урматына уюлдук оператор тарабынан даярдалган ажайып программа күтүп турду. "Эл эмне дейт?" скетч-шоусунун алып баруучулары кардарлар үчүн кызыктуу конкурстарды өткөрүп, жеңүүчүлөр компаниянын фирмалык белектерине ээ болушту. Үч айга кошулган чектөөсүз интернети менен роутерди мега-түйүндүн кызматтарынан 10 жылдан ашык убакыттан бери колдонуп келе жаткан абонент утуп алды! Роутер татыктуу ээсин тапкандыгы өзгөчө кубанычтуу болду. Компаниянын абоненттеринин катарына жаңыдан кошулуп жаткандар үчүн өзүнчө конкурс уюштурулуп, бул жолку жеңүүчүгө 4G колдоосу менен смартфон тапшырылды.

Чогулгандардын алдында белгилүү ырчылар жана бийчилер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жаңы ачылган борборго кайрылган кардарларга кызматтардын кеңири түрлөрү көрсөтүлөт. Маселен, номур сатып алуу, SIM-картаны акысыз каттоо, тарифтик планды же номурду алмаштыруу, балансты толуктоо жана адистин кеп-кеңешин алуу.

MegaCom компаниясынын жаңы Сатуу жана тейлөө борборунун дареги: Жибек Жолу кең көчөсү 150, "Аламүдүн Гранд" соода-көңүл ачуу борбору, 1-кабат (Алма-Ата көчөсүнөн кир.), №1-бутик, иш убактысы: саат 8:00дөн 20:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

Жаңы Сатуу жана тейлөө борбору сиздерди күтөт!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: