super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарына баруу коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу арзан

 

Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарына баруу коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ажылык сапар тууралуу өткөн маалымат жыйында Жоробай ажы Шергазиев айтты.

Анын айтуусуна караганда, Өзбекстанда ажылыкка баруунун баасы 4 миң 700 доллар, Казакстанда 4 миң доллар, Тажикстанда 3 миң 650 доллар.

"Ажылык иштери 2017-жылдан тартып толугу менен электрондук системага өткөн. Аны уюштуруу боюнча жыл сайын мекеме аралык комиссия түзүлүп, курамына муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, ИИМ, УКМК, Транспорт жана жол, Саламаттыкты сактоо, Тышкы иштер министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара, Мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү кирет", - дейт Шергазиев.

Белгилей кетсек, өткөн жылы ажылыктын баасы 2 миң 760 доллар болгон. Ал эми быйылкы ажылык сапардын баасы 2 миң 890 долларга бааланган. Бул былтыркыдан 130 долларга кымбат. Ошондой эле Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5 миң 400 квота бөлгөнүн Жоробай ажы Шергазиев кошумчалады.

Зыяратчылар ажылыкка 25-июлдан баштап 7-августка чейин барышат. Ал эми биринчи сапар алгандар 27-августтан тартып кайтып келе башташат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.05.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Альхамдулилла!!!
16.05.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах Таалага шугурлор болсун!
16.05.2018. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле бизнес. Ошончолук акча коп болсо билим тармагына салышса болмок.
16.05.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озубуздо деле бей бечараларга,оор оорулууларга,уйу жокторго,суу чыгарса ж.б.у.с. нерселерге жумшаса деле ажысы 1000мертебе кабыл болот
16.05.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге берилген квотаны да кыргыздарга толук беришпейт жогору жактагылар озбектерге, тажиктерге, уйгурларга сатышат экен ошону да жакшылап териштирсе жакшы болмок. Биздин тааныштар 1-2жыл барыша алган эмес орун жок орун жок дешип каттодон откорушпой койгон
16.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах бизге да барууну насип этсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: