Быйыл Меккеге зыяратка баргандарды 180 ажы башчы коштоп барат
2018-жылы ажы башчы болуу үчүн 237 адам талапкерлигин көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда ажылык сапар тууралуу өткөн маалымат жыйында ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, штаб мүчөсү Жолдошбек Абдылдаев айтты.
"Быйылкы жылы ажы башчы болуу үчүн 237 талапкер арызын калтырган. Алардын арасында тесттик негизде 61 баллдан жогору алган 180 талапкер 2-турга өткөн. 2-турда алардын тажрыйбасына, жеке сапаттарына басым жасалып, баарлашуу жолу менен 109 талапкер ажы башчы болуп тандалды. Ал эми 61 талапкер документтик иштер, баргандарды тосуп алуу, мейманканага жайгаштыруу жана башка ушул сыяктуу иштерди аткарууга дайындалды. Белгилей кетсек, быйыл жалпы 5 миң 485 адам ажыга барат", - дейт Абдылдаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
aitowa11

16.05.2018. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бирибизге ажыга баруу Насип кылсын
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.