super.kg logo

Малайзиянын мурдагы оппозиция лидери Анвар Ибрагим абактан бошотулду

 

5 жылга соттолгон Малайзиянын мурдагы оппозиция лидери Анвар Ибрагим абактан бошотулду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазууда.

Маалыматтарга караганда, Анвар Ибрагим 1998-жылы өлкөнүн вице-премьер-министри жана каржы министри болуп турганда коррупция жана гомосексуализм боюнча айыпталып, 15 жылга соттолгон. 2004-жылы ага карата тагылган гомосексуализм боюнча айып алынып салынгандан кийин абактан бошотулган. Бирок бир канча жылдык соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында гомосексуализм боюнча күнөөлүү деп табылып, 2014-жылы 5 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал өзүнө карата тагылган айыптарды четке кагып келген.

Ушул жылдын 10-майында 15 жылдан кийин кайрадан Малайзиянын өкмөт башчылыгына келген Махатхир Мохамад өзүнүн алгачкы билдирүүсүндө Анвар Ибрагим тез арада абактан бошотулушу керектигин айткан.
"Малайзиянын падышасы Анвар Ибрагимге ырайым кылууга даяр. Падышанын чечиминен кийин ал дароо абактан бошотулушу керек", - деген болчу Махатхир Мохамад.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: