super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: Кыргыз-немис футболчусу Виктор Майер 28 жашка толду

 

Бүгүн футбол боюнча Кыргыз курама командасынын чабуулчусу, Германиянын "Виденбрюк" клубунун оюнчусу Виктор Майер 28 жашка толду. Ал 1990-жылы 17-майда Чүй облусуна караштуу Люксембург айылында төрөлгөн. 10 айлык наристе кезинде ата-энеси Германиянын Оснабрюк шаарына жер которуп, балалыгы ошол жакта өткөн.

Виктор Майер орто мектепте окуп жүргөндө жергиликтүү "Блау-Вайс Шинкель", "Оснабрюк-1899" футбол клубдарында ойноп баштаган. 2006-жылдан тарта "Гамбург" өспүрүмдөр командасында ойногон.

2007-жылы Европа Чемпионатында Германия менен Грециянын футболдук беттешинде атаандашынын дарбазасына бир гол киргизип, өзүнүн мыкты чабуулчу экенин көргөзө алган.

2011-2012-жылы "Шпортфройнде" командасына келген. Бирок бул командага келгени бир дагы оюнга катышкан эмес. Андан көп узабай эле төмөнкү лига делинген "Оснабрюк 2", "Хафельзе", "Меппен" командаларында ойногон.

2016-жылы Нидерландиянын "Эммен" клубуна, андан соң 2017-жылдан тарта Германиянын "Виденбрюк" клубуна өткөн.

2015-жылы Кыргыз курама командасынын менеджери Мирлан Айталынын сунушу менен Виктор Майер жана Виталий Люкс Кыргыз курамасына кошулган.

Виктор Майер Кыргыз курамасына кошулгандан бери жалпы 16 оюн өткөрүп, 1 жолу гол киргизген.

17-майга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: