super.kg logo
  Саясат  

Айылчы Сарыбаев: "ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү - бул макоолук"

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады. Айтылган сунуштун негизинде жаралган SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүү керекпи?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев төмөнкүдөй жооп берди.

Сарыбаевдин пикиринде, ЖЭБ боюнча эл аралык аудит өткөрүү кадамы акылсыздык. "Эл аралык аудит өткөрүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок, бул болбогон кеп. Муну Эсептөө палатасы эле тактап, аныктап берип коёт. Ал болбосо өзүбүздүн эле билимдүү балдар бар, ошолор деле аныктоого күчү жетет. Эл аралык аудит өткөрүү - корккондук. "Бул өзүбүздүкүлөр баарын ачыктап коёт, ошондуктан эл аралык эксперттерге кайрылабыз, аларга каражат берип ишти оң жагына чечип алабыз" деген эле нерсе. Эл аралык аудит өткөрүү - макоолук, маселени чечүүгө өзүбүздүн күчүбүз жетип турса, аудиттик компанияга олчойгон каражат берүүнүн эмне кереги бар", - деди Сарыбаев.

Депутат Акылбек Жапаров, эксперттер Расул Үмбөталиев, Нургүл Акимова жана ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулунун жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: