super.kg logo
  Саясат  

ЖЭБ чыры: Асылбек Жээнбеков Исаков менен Сатыбалдиевдин аракеттери эркекчиликке жатпайт деди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп, тергөө органдарына өткөрүү керектигин айтты. Мындай оюн ал бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Унчукпай эле отурат элем, болбой эле тийишип жатышат. Урматтуу Жантөрө Жолдошевич (Сатыбалдиев), Сапар Жумакадырович (Исаков)!

Жумушту кылгандан кийин "башынан аягына чейин биз болгонбуз, жакшы эле ниет кылдык эле, жакшы жумуш кылалы дедик эле, бирок бул жагы ушундай болуп калыптыр" деп корутундуну тергөө органдарына бергенден кийин ошонун жыйынтыгын күтүш керек эле.

Болбой эле "мурунку парламент, спикер, комитет төрагалары дагы башкалар күнөөлүү" дегени эркекчиликке жатпайт. Комиссиянын жыйынтыгын колдоп бермекпиз, тергөө органдарына кетмек, анан уурулар ошол жерден табылмак. Бирок силердин стратегияңар, тактикаңар туура эмес болуп жатат, "мен эмес, мен кылган жокмун" деп, Осмонбек Артыкбаев айтып жатат. Өзүңөр түз тапшырма берип туруп "жок" десеңер, булар дагы тирүү жан да, оюн айтыш керек да.

Жогорку Кеңеш учурунда өкмөттү колдоп бир нече мыйзамдарды кабыл алганбыз, ошонун негизинде жолдор, мектептер оңдолду, ГЭСтер оңдолуп жатат, ЖЭБ модернизация болду. Кудайдын буйругу менен "кыргыздар, көзүңөрдү ачкыла, акчаңарды жеп кетип жатат" деп сууктун кесепетинен чоң кемчиликтер ачылып жатат. Өкмөттүн суранычын аткарып Жогорку Кеңеш колдоп берген. "Ооба, биз кылдык эле, ким күнөөлүү болсо, жазасын тартсын" дегендин ордуна күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат.

Комиссиянын жыйынтыгын колдоп укук коргоо органдарына беришибиз керек, ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт, уурулар жооп бериш керек, эл күтүп жатат", - деди Жээнбеков.

Айта кетсек, бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: