super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүү - жоопкерчиликти кийинкиге жылдырып коюу амалы"

 

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеңештин жыйынында эл аралык аудит (мекеменин каржылык отчётторун текшерүү) жүргүзүүнү сунуштады. Айтылган сунуштун негизинде жаралган SUPER.KG порталынын "ЖЭБди жаңылоо боюнча эл аралык аудит жүргүзүү керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жообу төмөнкүдөй болду.

Депутаттын пикиринде, ЖЭБ боюнча эл аралык аудит жүргүзүү жоопкерчиликтен качуу аракети. "Бул эми элди алаксытып, жоопкерчиликти кийинкиге жылдырып коюу амалдарынын бири. ЖЭБ кыргыздыкы болсо, жеп-ичкендер, туура эмес чечим кабыл алгандар кыргыздар болсо, эмне үчүн эл аралык аудит келиши керек. Биздин эле Эсептөө палатасы бүтүрсө болот. Кытайдын өкмөтүн күнөөлөгөндөн алыс болушубуз керек, себеби Кытайдын Азия өнүктүрүү банкы бар, ага эмнеге барбайбыз, так ошол Эксимбанкка бара калышат. Бул банк Кытайдын кызыкчылыгын коргогон банк. Кытайдын өкмөтүнө же Азия өнүктүрүү банкына барса, "кайра кантип төлөйсүңөр" деген суроого так жооп бермейинче акча бермек эмес да", - деди Жапаров.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, эксперттер Расул Үмбөталиев, Нургүл Акимова жана ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулунун жообу бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: