Кетчупту аябай жакшы көргөн британиялык ырчы Эд Ширанга кетчуп даамданган балмуздак даярдалды
Кетчупту аябай жакшы көргөн британиялык ырчы Эд Ширанга кетчуп даамданган балмуздак даярдалды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Эд Ширан кетчупту сүйүүчүлөрдүн бири. Мындан улам Ирландиядагы дүкөндөрдүн биринде ырчы үчүн кетчуп даамданган балмуздакты чыгарышкан. Себеби жакынкы күндөрү Дублинде ырчынын концерти орун алмак. Анда дүкөндүн ээси концерттик программанын көрүүчүлөрүнө бекер балмуздактан ооз тийгизерин билдирген.
Кошумчалай кетсек, Эд Ширан кетчупту аябай жакшы көргөндүктөн денесине татуировка да жасаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.