super.kg logo
  Спорт  

"Алай" АФК Кубогунун тайпалык оюндарын жеңиши жок аяктады

 

АФК Кубогу-2018дин тайпалык баскычынын 6-турунда Ош шаарында "Алай" жана "Ахал" клубдары кез келип, түркмөнстандык клуб 2:3 эсебинде жеңишке жетти.

Беттештин 17 жана 23-мүнөттөрүндө "Алай" гол киргизип 2:0 эсебинде алдыга чыга алган. Бирок 42-мүнөттө "Ахалдын" оюнчулары эсепти 2:1 кылганга жетишти. Экинчи бөлүктүн 66-мүнөтүндө түркмөн клубунун оюнчулары эсепти теңей алышкан. Ал эми 90-мүнөткө кошумча берилген 4 мүнөттө "Алайга" атаандаштары 3 гол киргизип, алдыга суурулуп чыкты. Муну менен 2017-жылдагы өлкө чемпиондору АФК Кубогунда быйылкы жылы бир да упай топтой алган жок.

6 турдун жыйынтыгында "Алтын-Асыр" 14, "Истиклол" 13, "Ахал" 7, "Алай" упайсыз 4-орунда жайгашты. Ал эми "D" тобунан кийинки баскычка түркмөн клубу "Алтын Асыр" чыга алды. Ал тайпалык баскычтагы соңку оюнунда тажик командасы "Истиклолду" 3:2 эсебинде жеңди.

Айта кетсек, 2017-жылы АФК Кубогуна Кыргыз өлкөсүнөн 2 команда чыккан. Анда тайпада "Алай" 3-орунду ээлесе, "Дордой" 4-саптан орун алып, команданы машыктыруучусу Руслан Сыдыков кызматынан кеткен.

АФК Кубогунда "Алай" командасынын ийгиликсиз ойноп жатканына күйөрмандары нааразы болуп, жетекчилик тараптан туура эмес аракеттер бар окшойт деген ойлорун айтып калтырышкан. Аларды өзгөртүүсүз беребиз.

_sheraliev03 Жениле бересинерби?

duulatovich Умутту актабады эч эле!

kushbak_shaiiev Чын жүрөктөн Алайды колдоп жүрөм!!! Эмне жетишпейт дейм да? Ош шаарынын мериясы каржылаган, Алай командасында эмне жетишпейт? Жакшы машыктыруучу жокбу? Же жетиштүү каражат жокбу? Же мерия Алай командасына бөлгөн каражат толук максаттуу пайдаланышпайбы? Балким коррупция бардыр! Эмнеге кемчиликти өз убагында айтып, ордунан чече албайсыңар? Футболго чыныгы күйгөн, акча үчүн эмес, таза Кыргыз футболу үчүн эмгек кылган инсаныбыз жокбу же? Эгерде ошондой адам болсо кемчиликти өзүнөн чоңдорго айта албайбы? Мен билем силер Кыргыз футболунда чооң көрсөткүчтөрдү көрсөтүп Топ лигада биринчи келе жатасыңар, чемпион болуп жатасыңар аныңарга балли!!! Бирок чет мамлекеттер арасында да өзүңөрдү көрсөтүүгө, жеңишке жетишүүгө эмне жетишпей жатканын карап, бул маселенин үстүнөн иштеш керек!!! Анча мынча коррупционный системаларды ачыкка чыгарып, чындык үчүн күрөшүү, бир эле силер Футболчулар эмес, ар бирибиздин милдетибиз!!! Мен Кыргыз футболу кандай болбосун футболчуларды колдойм, ар бир ойунда жеңишти каалайм!!! Ар дайым Ийгилик жаратышыңарга чын жүрөктөн тилектешмин!!!

_chorobek_ Максат Алимов молодец, спасибо за пенальти

melis_askarbekov Тренердик курам кетиши керек,толугу менен!

@dorbek_4_4 мындай оюн болбойт ар оюнда минимум 2-3 гол откозуп жатат

suiunbaev70 Эми болор иш болду эми Топ Лигада жакшы оюн корсоткуло

ikram.abdurahmanov Академия, Илбирс сыяктуу командаларды утуп Кара Тору жигиттерди бомбардир кылгандан башка Айла жок экен да






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм ар намыс жок команданы.Мен оюнчуларды эмес Команданын машыктыруучу жана жетекчилерине айтып жатам.!!!!!утулуп жүрө бергиле.Илбирс Академияны эле утуп жүрө берсеңер жарашат
17.05.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Щатр щутр этип коюп жиберишиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: