Өзгөрүшүбүз керек жана мүнөттөрдү интернеттин ГИГАБАЙТТАРЫНА алмаштыруу керек!
Кайрадан ата мекендик рынокто О! Мобилдик оператору мобилдик байланыштагы кезектеги жаңылыкты киргизип жатат. Жаңы ураанга ылайык, оператор өз абоненттерине акысыз мүнөттөрдү жогорку ылдамдыктагы интернеттин гигабайттарына алмаштыруу боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктү берүүдө.
Бүгүнкү күндөн баштап, эң популярдуу "О!го которул" тарифтеринде О! абоненттерине өз тарифтериндеги сарпталбаган мүнөттөрүн жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке алмаштырууга мүмкүнчүлүк бере турган атайын "Өзгөрүшүбүз керек!" акциясы ишке киргизилди.
"Мындай алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу – жалпысынан мобилдик интернетти колдонуунун өсүп жаткандыгына, ошондой эле чексиз интернет-трафик жана абоненттердин арасында акысыз чалуулар каралган биздин тарифтердин популярдуулугуна түздөн-түз байланыштуу. Мобилдик рынокту анализдөө менен биз абоненттердин түйүн ичинде акысыз баарлашууга көнүп калгандыгын, ал эми түйүндөн тышкары каралган акысыз мүнөттөр жөндөн-жөн эле колдонулбай калып жаткандыгын байкадык. Так ушул нерсе О! операторуна мезгил мене бирге кадам таштоого жана өз абоненттерине пайдалуураак шарттарды сунуштоого түрткү берди", - деп О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко жаңылыкка түшүндүрмө берди.
Мүнөттөрдү гигабайттарга төмөнкү курс менен алмаштырса болот:
- Эгерде сиз "О!го которул Light", "О!го которул Light+" же "О!го которул Light + TV Баштапкы" тарифтеринин биринде болсоңуз, башка мобилдик түйүндөргө 5 мүнөт чалууларды кошумча +1 Гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернетке ээ боло аласыз. *796*1# буйрутмасын терүү менен дароо азыр алмаштырса болот.
- Эгер сиздин тариф "О!го которул!" же "О!го которул+" тарифтеринин бири болсо, башка мобилдик түйүндөргө 20 мүнөт чалууларды кошумча +4 Гигабайт максималдуу ылдамдыктагы интернетке ээ боло аласыз. Дароо азыр алмаштыруу үчүн *796*4# буйрутмасын териңиз.
Толук маалымат o.kg сайтында жана 796 телефонунда.
кошулду

Саламатсызбы! «Өзгөрүшүбүз керек!» акциясы АКЫСЫЗ көрсөтүлөт. Бул Акция интернетти көп пайдаланган жана өз тарифинин чегинде түйүндөн тышкары мүнөттөрдү сарптоого жетишпей жаткан абонентер үчүн ыңгайлуу болот.
Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.
Ушул эле тарифте Акция журот: «О!го которул Light», «О!го которул Light+» же «О!го которул Light + TV Баштапкы»?«О!го которул!» же «О!го которул+».
Кенениреек бул жерден биле аласыз:
https://o.kg/kg/chastnym-klientam/aktsii/spetsialnaya-aktsiya-pora-menyatsya-/
Урматтоо менен,
О! Мобилдик оператору.