super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Жарандар коррупцияга баткан адилетсиз сотторго карата даттанууларын айтып жатышат"

 

Сот органдарын реформалоо өлкөнүн негизги көйгөйү болуп калды. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди. Жыйын өлкө башчынын төрагалыгы алдында "Ала-Арча" резиденциясында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Сооронбай Жээнбеков күн тартибине коюлган маселе боюнча өзүнүн кириш сөзүндө соттук-укуктук реформа коомчулук талап кылып жаткан эң маанилүү реформалардын бири экенин белгиледи.

"Мен эл менен жолугушканда жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга баткан адилетсиз сотторго карата даттануулар айтылып келет. Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган 17 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынды. Сотторду тандоо боюнча кеңеш түзүлдү жана судьялык кадрлардын курамын жаңылоо жүрүп жатат. Бирок реформанын ылдамдыгы коомчулук күткөнгө караганда кыйла жай жүрүп, сот системин реформалоо кечеңдеп жатат", - деди Жээнбеков.






Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: