super.kg logo
  Саясат  

Президент соттук реформаны тездетүүгө чакырды

 

Соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү - өлкөдө жасалчу иштердин эң маанилүү багыты. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сот реформасын тездетүү Кыргыз мамлекети үчүн эң маанилүү. "Ошондуктан бүгүнкү кеңеш соттук реформаларга жаңы импульс бериш керек. Биздин кеңештин алкагында бул ишти күчөтүп, сот реформасын жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын иш-аракеттеринин шайкештигин камсыз кылуу зарыл. Жаңы кодекстер менен мыйзамдар 2019-жылы ишке киргизилиши керек. Убакыт аз калды. Жасала турган иштер абдан көп, аткарылгандары абдан аз. Ишти тездетүү керек", - деди Жээнбеков.






Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: