super.kg logo

Тоо-кендерин өнүктүрүүдө бир учурда бир нече компанияларга лицензия берилип жатат

 

Тоо-кендерин өнүктүрүүдө бир жерге эле бир нече компанияларга лицензия берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда "Тоо-кендерин өнүктүрүүдөгү жагдайлар" аталышындагы маалымат жыйында Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков айтты.

Анын айтуусуна караганда, учурдагы Тоо-кен тармагы боюнча мыйзамдар бири-бирине карама каршы келет. Социалдык пакет боюнча ыктыярдуу келишим түзүү каралса, экинчи жактан мамлекеттик орган алардын жыл этегинде эсеп бериши керектигин билдирди.

"Бир учурда бир нече компанияга лицензия берип коюп жатат. Мисалы, Миң-Куштагы көмүр өндүрүүчү жайды айтсак болот. Ал жерде бир компанияга көмүр өндүрүү боюнча лицензия берсе, экинчи компанияга уран изилдөө боюнча лицензия берип койгон. Мындан улам эки тараптын пикир келишпестиги жаралат. Мунун аягы соттук иштерге чейин алып барат. Биз бир эле компанияга бергиле деп айтып келебиз. Ошол лицензия алган компания эле баарын изилдеши керек. Ошондой эле лицензия алган компанияларды жакшылап карап иштете ала тургандарына гана бериш керек. Болбосо бирөө сатып алып, башка бирөөгө сатып, коррупцияга жол ачып жатат", - дейт Камчыбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: