super.kg logo

Депутат 386 миллион долларды Кыргыз өлкөсү эмес, кытайлык компания пайдаланганына нааразы болду

 

Кытайдан алынган 386 миллион долларлык карызды кытайлык ТВЕА иштеткен. Мындай маалымат бүгүн, 17-майдагы парламент жыйынында айтылды. Депутат Айсулуу Мамашова аталган макулдашуу боюнча ким алектениши керектигине жана ким Кытайдын өкүлү менен жолукканга укуктуу болгонуна кызыкты.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов долбоордун баасын талкуулоо сыяктуу иштерге ТИМдин тиешеси жок болгонун айтты.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Сапар Исаков: "Биз Кытай лидеринин иш сапарына даярданып жатканбыз. Бул долбоор боюнча маалыматка ээ болушубуз керек эле. Кытай өкүлдөрү менен жолугууга менин укугум бар эле. Мен канча жолу жолукканымды териштирип көрүшсүн", - деп жооп берди Исаков.

Депутат Айсулуу Мамашова алынган ири карызды иштетүүгө ким уруксат бергенин сурады. "386 миллион доллар мамлекетке келип түшкөнбү?" - деп кызыкты.

Каржы министрлигинин мурдагы башчысы Ольга Лаврова каражат түздөн-түз мамлекеттин эсебине түшпөгөнүн билдирди.

Андан соң депутат Мамашева: "Биз ушунча чоң карыз алганбыз, бирок аны иштетип, шаймандардын баарын ТВЕА сатып алган. Ким буга макулдук берди? Бул менен ким алектениши керек эле?" - деп сурады.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев мындай чечимди "Электр станциялары" ишканасы кабыл алганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.05.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалому Аллейкум Супер Инфоо жааматы!Кирип келген Рамазан айы м-н сиздерди куттуктайм.Сиздер эмне у-н Палестинадагы окуя жон-до жазбайсыздар.Израильдик аскерлер ондогон(61) куралсыз палестиналык мусулман бир туугандарыбызды атып олтурушту.Алардын арасында 7 айлык бобокда б-н.
17.05.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KGstan1981,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/kabar/news/231917/, маалымат убагы менен толукталып турат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-17 13:06:59
17.05.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KGstan1981, Палестинага путевка керек болуп жатабы?!!.....
17.05.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир орус депутат аял бар элего атамбаевтин пахтасы коргоочусу ошол уну чыкпай калдыго
17.05.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
uli1234,
Карамушкана деген депутатбы? Ал атамбай кеткенден кийин эле демин баскан.Ал эле эмес көп чүлүк депутаттар демин басыыыып олтурат ...
17.05.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча бизге түшпөсө анда төлөп бербей коюшсун каяктан билип жатышат 386 млн доллар иштетишкенинтернет, балким 250млн эле кеткендир
17.05.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo, төлөп берүүгө мажбурланганбыз анткени расмий документте КР тарабынан кол коюлган. Эгер төлөбөй койсок дүйнөлүк сот бизди айыпка жыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: