super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков сот болом дегендердин акчаларын катуу текшерүү керектигин айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында соттун кызмат ордуна талапкерлердин декларацияларын, ишинин сапатын катуу текшерүү керектигин айтты. Анын билдиришинче, сот органдарында кадр алмашуулар болгонуна карабай, жарандардын даттануулары азайган жок.

"Жүрүм-туруму кынтыксыз эмес деген соттордун көп бөлүгү кетти. Бирок жаңы тандоо жүргөндөн кийин дагы сотторго карата жарандардын даттануулары азайган жок. Соттук корпус үчүн кадрларды тандоо абдан кылдат, сапаттуу жана адилетүү болушу керек. Соттун кызмат ордуна талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндөгү декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү керек. Анын негизинде, кесипкөй, моралдык принциптери жогору болгон соттук корпус түзүлүшү зарыл", - деди Жээнбеков.

Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйында алгач мамлекет башчы баяндама жасады. Андан кийин кеңештин мүчөлөрү соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча өлкөнүн өкмөтү көрүп жаткан чараларды, 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системин өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасынын долбоорун талкуулоого өтүштү.






Сооронбай Жээнбеков: "Соттук реформаны тездетүү керек"

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: