super.kg logo

Сапар Исаков: "Кытайлардын "крышасы" болгон эмесмин" (диалог)

 

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБ чуусу талкууланууда. Анда депутат Алтынбек Жунус уулу менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Алтынбек Жунус уулу: “ЖЭБди жаңылоо ноябрь айында кабыл алынып, январь айында авария болуп жатат. Эгер келишимде химиялык тазалоочу цехти салуу бар болсо, анда авариядан кийин эмнеге ТВЕАны сотко берген жоксуздар? Алар аягына чейин чыгарган эмес да”.

Сапар Исаков: “ЖЭБ 2017-жылдын 7-июлунда кабыл алынып жатат. Мен ал учурда премьер эмес элем. Сиз жылын адаштырып алдыңыз. 2017-жылы июлда премьер-министр башка адам болчу”.

Алтынбек Жунус уулу: “Сапар Жумакадырович, ЖЭБде авария болгондо сиз премьер болчусуз”.

Сапар Исаков: "Авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон. Жаңы бөлүгү оор кырдаалдан чыгарып кеткен".

Алтынбек Жунус уулу: “Сиз "бул долбоорду илгерилетүүгө тийиштүү элек" деп жатасыз. Кечээ президентке маалымат иретинде гана кат бергенбиз дедиңиз. 2009-жылдан берки Кытай компанияларынын расмий эмес “крышасы” сиз болчусуз. "Мен бөлүм башчы болчумун, аппарат башчы болчумун, депутаттардан сурагыла" деп жатасыз. Бирок сиздин кабылдамаңызда өкмөт башчыга келген адамдардан да көп адам отурчу. Себеби сиз кытайлардын маселесин чеччүсүз”.

Сапар Исаков: “Сиз "кытайлардын “крышасы” болчусуз" деп айтып жатасыз. Бул туура эмес. Сиз далилдеп айтыңыз. Биз келишимдерди алдыга жылдырышыбыз керек болчу. Бул милдетибиз эле. Өзүбүздүн кызматыбызды аткардык. Сиз баарын эле мага илип жатасыз. Кокустан жылын дагы адаштырып алдыңыз”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
17.05.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз карапайым элдер эмне болгонун баарын билип,тушунуп эле турабыз . Эмнеге сиз депутатар тушунбой атасынар же озунорду жиндилике салып атырынар
17.05.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру тойгончо жеп олгончо карганат.Бешиктеги балага деле белгилуу болуп жатпайбы 30 % жеп койушканын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: