super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурсултан Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей турган укукка ээ болду

 

Мажилис Нурсултан Назарбаевдин өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектей турган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда. Мажилис депутаттары аталган мыйзам долбоорун кечээ, 16-майда биринчи окууда эле колдошкон.

Коопсуздук кеңешинин милдеттерине:

- Мамлекеттик саясаттын улуттук коопсуздук жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү тармактарындагы негизги багыттарын карап чыгуу;

- Бул багыттагы мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо кирет.

Казак Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына:

- Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;

- Кеңештин отурумдарын жана чукул жыйындарын өткөрүү;

- Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү жоболорду бекитүү;

- Башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.

"Коопсуздук кеңеши жана анын аппаратынын чыгымдары республикалык бюджеттен каржыланат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен улуттук коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздаган орган катары Коопсуздук кеңешинин ролун жана ордун ачык аныктоого мүмкүндүк берет", - деген юстиция министри Марат Бекетаев.

Мажилиске жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунда, Казакстандын биринчи президенти өмүр бою өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектөөгө укуктуу боло тургандыгы белгиленген. Докладды уккан соң катталган 104 депутат тең мыйзам долбоорун жактырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.05.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздикилер угушпасын укса да ээ ушул жагын унутуп калыпмын деп башын чеңгелдейт! Бирок ал өзүң сонун кылып алды жетет ошол Ак үйдүн баатыры деген наамын досунан суранып жатып алган болот ошол!
17.05.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
10 жылдан кийин Назарстан болот буйруса
18.05.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу!!!
20.05.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"өлүп кутуласың" дегени ушул экен да)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: