super.kg logo

Баткенде 57 миң долларымды уурдаттым деп милицияга жалган маалымат менен кайрылган тургунду сот бир жылга камады

 

Баткенде 57 миң долларымды уурдаттым деп милицияга жалган маалымат менен кайрылган тургунду сот бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну өзүнө тийиштүү унаасынын ичинен 57 миң доллар 870 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун уурдатып жибердим деп милицияга арыз менен кайрылган.

Окуя 2015-жылдын июль айынын башында Кадамжай районунун "Торговый" базарында катталганын арыз ээси М.Ш. билдирген. Ири суммадагы акчанын уурдалышы боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталган. Алынган маалыматтарга талдоо жүргүзүүнүн жана ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында бул факт жалган болгону ачыкталган. Тергөө иштеринин негизинде М.Ш. жалган билдирүү айткандыгын моюнга алып, анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси (кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголгон. Териштирүүнүн жыйынтыгында Кадамжай райондук соту М.Ш.ны шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирет басма сөз катчы.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.05.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде нач скм кучкаров омурбек аширалиевич аттуу жигит жакшы иштеп ушул кылмышты аныктаган омуке иштерге ийгилик
17.05.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш бир бай корунгусу келген экен эледа.жок акча экен эле кичине азырак айтбаптыр
17.05.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соттор мыйзамды баарына бирдей иштетсеңер анда Ак үйдөн баштап чоңдор а кимдер баардык өкмөттө иштеген бок курсактар түрмөлөргө батпай кетмек ошол жакта бирин бири чукулашып азыркыдай Шоу аткарышмак!!!
17.05.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Карызы коп болсо керек.Анан тологондон качып жоготуп ийдим бере албайм дегендир.Акылдуулар коп да азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: