super.kg logo
  Саясат  

Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча мыйзам иштелип чыгат

 

17-майда Жогорку Кеңеш экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча механизмди иштеп чыгуу сунушун колдоду.

Депутат Исхак Масалиевдин “Экс-президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” боюнча сунушун 87 депутат "макул" деп, 14ү "каршы" добуш беришти.

"Каршы" деп добуш бергендердин 13ү КСДП фракциясынан депутаттар, бирөө "Ата Мекенден" депутат Сайдулла Нышанов.

Буга чейин 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайларды иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланган. Анын жүрүшүндө Исхак Масалиев ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну сунуштаган.

КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маселе боюнча: "Мыйзамдын артка иштөө күчү жок болгондуктан Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу мүмкүн эмес. Депутаттын көтөргөн сунушу - бул абсурд (былжырак кеп)", - деп билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 22 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: