super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сарсейитов: "ЖЭБ боюнча Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобогондор - эл душмандары"

 

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады. SUPER.KG порталынын "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исланбек Сарсейитов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ЖЭБдин чыры боюнча көптөгөн аткаруучулар УКМКда сурак берип жатышат.

"Андан тышкары мурдагы өкмөт башчылар да сурак беришти. Жыйынтыгында биз "мамлекеттин кызыкчылыгы корголгон жок" деген тыянакты чыгаруудабыз. Эгер депутаттар ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын колдоп берсе, анан укук коргоо органдары дыкат иликтөө жүргүзгөндөн кийин Кыргыз элинин кызыкчылыгы корголбогон болсо булар, албетте, эл душманы.

Эл душманы деп корутунду так жазылбаса да, түпкү мааниси ошого алып барат. Ар ким өзүнүн чындыгын айтып жатат. Бул жерде эч кандай тиешеси жоктор, бирок териштирүү иштерине келгенде баарын көрөбүз”, - деди Сарсейитов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Жанар Акаев, Зиядин Жамалдинов жана коомдук ишмер Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: