2013-жылы Кыргызстандагы ГЭСтердин 8 гидроагрегаты толук оңдоодон өткөрүлөт
Быйыл өлкөдөгү ГЭСтердеги 8 гидроагрегат толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Абдылда Исраилов билдирди. Айтымында, ГЭСтердин гидроагрегаттарын, жылуулук станцияларын, Бишкек, Ош шаарларынын ЖЭБдерин оңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 24 миллион сом бөлүнгөн. "ГЭСтердеги 8 гидроагрегаттын үчөөсүнүн оңдоо иштери аяктап калды. Токтогул ГЭСинде учурда оңдоо иштери жүрүп жатат, ал эми калган 4 агрегатты июль айында баштоого ниеттенүүдөбүз",- деди Исраилов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

