super.kg logo
  Саясат  

Жамалдинов: "Карыз алууну токтотуу керек дегенимде Алмазбек Атамбаев мени "эл душманы" деп айтып чыккан"

 

Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун 3 күн талкуулады. SUPER.KG порталынын "ЖЭБ чуусунда "эл душманы" ким же кимдер деп эсептейсиз?" деген соболуна Депутат Зиядин Жамалдинов төмөнкүдөй жооп берди.

"Жогорку Кеңештин тарыхында ишин аягына чейин чыгарган депутаттык комиссия болгон эмес. Укук коргоо органдарынын жумушун Жогорку Кеңеш аткарып баштады. "Датка-Кемин" долбоору, Түндүк-Түштүк жолу, Балыкчы-Корумду жолу боюнча суроолор көп. Өлкөнүн тышкы карызы 4,5 миллиард долларга жетип калды. Насыя алууну токтотуу зарыл.

Мен 2 жыл мурун насыя албоо керектигин айтканымда ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев мени эл душманы деп айтып чыккан. Бирок ЖЭБдеги быйылкы көрүнүш эки жыл мурун туура айтканымды далилдеп жатат. Эми ким эл душманы: ууруларбы же коркунуч жөнүндө эскерткен менби? Муну аныктап чыгыш керек" - деди Жамалдинов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эмил Токтошев, Жанар Акаев, Исланбек Сарсейитов жана коомдук ишмер Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: