super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Кара-Балта шаарында жаштар иштеткен ишканалар менен таанышуу үчүн медиа тур өтөт

 
Бүгүн саат 9:00дөн 14:00гө чейин Кара-Балта шаарында жаштар иштеткен ишканалар менен таанышуу максатында медиа тур өтөт. Мындай демилге Эл аралык жаштар фонду тарабынан уюштурулууда. Медиа турдун катышуучулары айыл жергесинде ишкердикти өнүктүрүү боюнча Бишкек бизнес-клубунун курсуна ийгиликтүү катышкан жаш ишкерлер менен жолугушмакчы. Айта кетсек, ушул жылдын апрель-июнь айларында Жалал-Абад, Кара-Балта, Ош шаарлары жана Бишкектин жаңы конуштарынан келген 350дөн ашуун жаштар айыл жергесинде ишкердикти өнүктүрүү боюнча курска катышып, бизнести өнүктүрүүнүн жана аны ийгиликтүү тескөөгө алуу ыкмаларына ээ болушкан. Анда 200гө жакын бизнес-долбоорлор каралып, аларды түзгөн жаштар бизнесмен-кесипкөйлөр жана каржылык аналитиктер менен маектешүүдөн өтүшкөн.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: