Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу, Исаковдун ишине укуктук баа берүү... Депутаттар жактырган сунуштардын тизмеси




Кечээ, 17-майда Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча токтом долбоорун кабыл алган. Анын тексти төмөнкүдөй:
1. ЖЭБдеги кырсыкты жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Депутаттык комиссиянын корутундусу президентке жөнөтүлсүн.
3. Депутаттык комиссиянын корутундусу Башкы прокуратурага "Бишкек ЖЭБин жаңылоо" долбоорун түзүүгө жана ишке ашырууга тиешеси бар кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. 3 айдын ичинде Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы Жогорку Кеңешке текшерүүнүн жыйынтыгыны боюнча маалымат бериши керек.
5. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине мындан ары насыялык келишимдерди тармактык комитеттердин пикирлерин эске алуу менен кароо сунушталсын.
6. Кабыл алынган токтом долбоорунун ишке ашырылуусуна көзөмөл 3 парламенттик комитетке жүктөлсүн. Алар:
1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
2) Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети;
3) Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети.
Мындан тышкары депутаттар тарабынан бул токтом долбоорунун негизги текстине 4 кошумча сунуш түшкөн. Алардын үчөө жактырылып, бирөө четке кагылган.
1. Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") экс-президенттер оор жана өтө оор кылмышка шектелген учурда аларды кол тийбестигинен ажыратуу боюнча механизмдерди иштеп чыгууну сунуштаган. Парламент бул сунушту жактырган.
2. Каныбек Иманалиев ("Ата Мекен") мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жана "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын экс-башчысы Айбек Калиевдин иш-аракеттерине укуктук баа берилсин деп сунуштаган. Депутаттар бул сунушту колдошкон.
3. Айнуру Алтыбаева (КСДП) Эсептөө палатасына Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча аудит жүргүзүүнү тапшырууну сунуштаган. Бул сунушту да парламент жактырган.
4. Дастан Бекешев (КСДП) Бишкек ЖЭБин жаңылоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштаган. Депутаттар бул сунушту колдошкон жок.
кошулду
Жогорку Кеңеш ЖЭБ боюнча токтом долбоорун кабыл алды


