super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Англиялык аялдын амалы: "Мен мурунку жигитиме жаңы сүйгөнүмдүн сүрөтүн жөнөтсөм, ал аны өлтүрүп койду. Эмнеге мен соттолушум керек?"

 
Сара Брамли
Сара Брамли Майкл Лоусон менен
Дэвид Сондерс

Англиялык 29 жаштагы Сара Брамли аттуу аял адамды азгырууга айыпталып, сот жообуна тартылууда. "Ал өзүнүн мурунку жигити Дэвид Сондерске жаңы сүйгөнү Майкл Лоусон менен "жылуу мамиле" учурундагы сүрөтүн жөнөткөн", - деп бул окуя тууралуу жазылат чет элдик басылмаларда.

Маалыматка ылайык, сүрөттү көргөн Дэвид Саранын жаңы сүйгөнүн өлтүрүп коюп, камакка алынган. Дэвидди суракка алган учурда Саранын 2 жигит менен тең мамиле түзүп, мезгил-мезгили менен биринен экинчисине өтүп, аларды кызгандырып жүргөнү белгилүү болгон. Иликтөө учурунда Дэвиддин бул айткандары аны, албетте, актаган эмес, сот аны өмүр бою эркиндигинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Бирок иликтөө иштери бул менен эле токтогон эмес, окуяга себепкерди да жазага тартуу каралган.

Майкл Лоусон каза болгондон кийин Сара Брамли Австралияга кетип калууга үлгүргөн. Ал бул окуяга эч кандай тиешем жок деп түшүнөрүн да билдирген. Полиция аны кармап келгенден кийин тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында, Сара мурдагы жигитине Майкл Лоусон менен түшкөн сүрөттөрдү жиберип гана чектелбегени аныкталган.

"Ал Дэвидге сүйгөнү менен кайсы даректе жүргөнүн да жазып, анын намысына тие турган сөздөрдү айтып, сүйгөнүмө кол сал деп сунуштаган. Буга чейин анын дал ушундай эле аракеттеринен Дэвид Майклдын унаасын талкалап салган. Мындан кийин 2 жигитин чатакташтырууга түрткөн аял токтоп калбай, адам өлүмүнө алып келген. Азырынча ага карата соттун чечими чыга элек", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
18.05.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-05-18 11:21:03
18.05.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
uli1234, этика нормаларын сактаңыз!
18.05.2018. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эркектерди азгырбаш керек. Аялдын куноосу бар албетте.
18.05.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялда 100 % куноо бар деп ойлойм
18.05.2018. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялды да камаш керек
18.05.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуун менен жерге кир!
18.05.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун Майклдын. Тиги экөө түбөлүк жаза алышсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: