super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Окуу жылы 10-сентябрдан башталат дегенге кандай карайсыз?"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Окуу жылы 10-сентябрдан башталат дегенге кандай карайсыз?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Окуу жылы 10-сентябрдан башталат дегенге кандай карайсыз? Канча жылдап келе жаткан окуу тартиби өзгөрсө жаман болот го!? 1-сентябрь деп баарынын мээсине сиңип калса керек... Пайдасын көрбөй элемин, кыскасы", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "1-сентябрь, апакемдин ойготуп "кошунанын баласы кетип калбасын эртерээк сен дагы кошулуп кетип кал" деген үнү. Тамактан эч нерсе деле өтпөйт ал күнү.
Ооба, апакем айлыгын топтоп алып берген, башкалардыкына караганда кымбатыраак кийимди кийгенге шашам. Жаңы кийимдин жытынын коштоосунда мектепке барасың. Ал кийим өмүр бою таза жүргөнсүп ошо күнү кийимиңди кир кылгың келбей этияттап басасың. Колума апакем акча берип өзүнүн шарттарын коё баштайт...
Адаттагыдай баарына кошулуп тизилесиң, анан ал жерде жөн турбай бири-бириңди түрткүлөп, чукулап баштайсың. Бул нерселердин баары биздин каныбызга сиңип калган, 1-сентябрдын таасири. Азыр мен студентмин, мага демектен 20-октябрга жылдырсын айырмасы жок.
Бирок 1-сентябрымды 10-сентябрга алмаштырмак эмесмин!"

- "Жеке мен үчүн деле баары бир, бирок келечекте балдар окуйт, ошол себептүү жеке пикирим: Башка нерсени өзгөртүп, өнүктүрүп алгылачы! Окуу жылынын башталышын өзгөртсө эле коом өнүгүп кетеби? Же билимдин сапаты жогорулайбы?
Кыскасы, мен да кошулбайт элем бул пикирге".

- "10-сентябрга калтыруунун пайдасы деле жок. Биздин аң-сезимибизге 1-сентябрь сиңип калгандыктан, бул чечимге анчейин кошула бербейм. Баары бир 1-сентябрда өзгөчө сезимдер болот да..."

- "Азыр октябрдан окуу башталса деле сентябрь деп айтып кете беребиз. Илгери ата-энелерибиз окуп жүргөндө 10 жылдык болуп, азыр 11-классты бүтсөң да "10ду бүттү деп" айтышат. Чоң ата, чоң энелерибиз Бишкекти дагы деле Пишпек дегендей эле. 10-сентябрга жайлоодон малчылар да түшүп калат дегенине караганда, демилгени көтөрүп чыккан депутат, депутат болгонго чейин жайлоодо мал баккан окшойт ээ?"

- "Эмне пайда, 10 күн кечиктирип, "орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей эле кеп."

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
18.05.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
1- сентЯбрь эле жакшы го. 10 күн эмнени чечмек эле. Башка проблема жокбу?
18.05.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министр аялдын кыларга иши калбай калган го
Эмне учун эски карт - бору министрлер алмашкан жок .
Atas түзөттү 2018-05-18 19:30:14
18.05.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жеке пикирим окуу 1-сентябрь куну башталганы туура болот.Анан жогоруда жазыптыр демилгени которгон депутат буга чейин жайлоодо мал баккан окшойт дейт.Тоодо мал баккан киши сага эмне тийишип атабы?
18.05.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гүлмира эжеке башка ишти кыйратып эми окуу жылын 1-сентябрь эмес 10-сентябрда баштайлы дейсизби? 1-сентябрды жайына коюңуз да мектептерде китептер жетишсиз анан да мугалимдердин канча айлык алаарын билбейт экенсиз ошолдорду билип коюңуз.анан 10-сентябрды ойлонуңуз.
19.05.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kulatov,анан дагы толтура катаалары менен чыгып жаткан окуу китептери менен дептерлерине да конул буруп койсун.
18.05.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындан башка чече турган маселе жокта чондор учун
18.05.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Конгон боюнча эле 1 сентябрь. Орун алмашуудан сумма озгорбойт.
18.05.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
он кун эмне орок оросунбу?!
18.05.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1-сентябрь менен 25-майга тийишпей эле койгулачы, башка чече турган проблема толтура, ошолорду чечкиле
18.05.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1-сентябрь боюнча калганы эле жакшы! Эмне башка озгортууго масале табылбай калдыбы?
19.05.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушуну ойлоп тапкан министр чычып богуңду жечи кылаарга ишиң болбосо!!
19.05.2018. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билимге умтулгандын ордуна артка кетенчиктеп эмне кереги бар.Ар кандай жумуштарга байланыштуу 10 күн кеч келгендер ар дайым болуп келген ар убакта эле, андан билим азайып же көбөйүп кетпейт.
19.05.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карышымын
19.05.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1сентябр боюнча калсын
19.05.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 sentaybir ele jakwi..1 sentyabir degende ele oku mektep eske tuwot..1 senyabir boidon ele kalsin
19.05.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ойлойм ошол эле 1 сентябрь окуу куну, ал Эми 25 май окууну аяктоо болуп калса жакшы деп,. эч кандай озгортуу киргизилбесе жакшы болот
20.05.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 сентябрьга чейин не кылышат тобо? Наристелер 1-сентябрь мектепке барабыз деп күтүшөт да. Ойлоруна не келсе эле мыйзам чыгарып отура беришет же бир бирөөсү иштесечи башаламан кыргызстан!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: