"Бозумчак" алтын кени 2014-жылы ишке кирет
"Бозумчак" кени. Жез-алтын өндүрүүчү фабриканын жалпы көрүнүшү


"Бозумчак" кени. Жез-алтын өндүрүүчү фабриканын жалпы көрүнүшү

"Бозумчакты" иштетүүчү "Казахмыс голд Кыргызстан" компаниясы Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарын көзөмөлдөй турган ПОМ куруп берген. Ага Ала-Бука райондук ИИББиден 8 милиция кызматкери бөлүнгөн

Чек арадагы Көк-Таш жана Көк-Серек айылдарын көзөмөлдөй турган ПОМдун имараты. Милиция кызматкерлеринин айтымында, айылдарда бейбаштык, уурулук сыяктуу тартип бузуулар көп болот

"Бозумчак" фабрикасынын жалпы көрүнүшү

Бул жерде жез, алтын, күмүштү топурактан бөлүп алуу процесси жүрөт

Бул жерде жез, алтын, күмүштү топурактан бөлүп алуу процесси жүрөт

Кыргызстандагы уникалдуу ыкма ушул жерде колдонулмакчы. Кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды (суюктук) атайын техниканын жардамы менен кургатылып таштандыга төгүлөт

Кыргызстандагы уникалдуу ыкма ушул жерде колдонулмакчы. Кен иштетүүдөн чыккан калдыктарды (суюктук) атайын техниканын жардамы менен кургатылып таштандыга төгүлөт

Кен иштетүүдөн чыккан калдыктар төгүлүүчү жай

"Бозумчак" фабрикасы ишке кирүү алдында турат

Жумушчулар үчүн курулган жатакана. Фабрика ишке киргенден кийин 600 жаңы жумуш орду түзүлөт

2014-жылы "Бозумчакта" жез-алтын кенин өндүрүү башталат

"Казахмыс голд Кыргызстан" компаниясы куруп берген Көк-Таш айылындагы маданият үйү

"Казахмыс голд Кыргызстан" компаниясы Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Көк-Таш айылындагы тозотту оңдоп түзөө иштерине жардам берген

Көк-Серек айылындагы төрөткананын абалы. "Казахмыс голд Кыргызстан" оңдоп-түзөп, муктаж болгон жабдыктарды алып берет

Көк-Серек айылындагы төрөт үйүндө жылына 10 аял көз жарат

Көк-Таш айылында райондун башка айылдары менен байланышкан жол жок болгондуктан адырлар аркылуу жылкы менен азык-түлүк алып келишчүү. Аларга "Казахмыс голд Кыргызстан" ишканасы жол салып, таза суу чыгарып бергенин айтат жергиликтүү тургундар

Жумушчулар тамактанчу ашкана
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан "Бозумчак" жез-алтын кени 2014-жылы ишке кирет. Ага ылайык, жумушчулар үчүн бардык ыңгайлуулуктары менен жатакана, мончо, бильярд залы, чакан кинотеатр, ашкана, китепкана, машыгуу залынын курулушу бүтүү алдында турат. Алтын кен ишке кирсе, ондогон жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.
Автор: Гүлмайрам Сабырбекова
Фото: Гүлмайрам Сабырбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
2

