Калысбек Жумаканов: "Кыргыз жеринде буйволдун этин колдонууга тыюу салынган эмес"
Кыргыз жеринде буйволдун этин колдонууга тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, уйдун, топоздун жана буйволдун эти бир категорияга кирет.
Ал эми Кытайдан уй менен тооктун этин киргизүүгө тыюу салынганын кошумчалады. "Эт жетишпегендиктен Кытайдан уйдун, тооктун эти келип турган. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан бери бир килограмм эт да алып кирүүгө уруксат берилген эмес. Бирок бир-эки жолу тооктун этин алып келе жатканда кармалган. Андан башка факты катталган эмес", - деди Жумаканов.
Фракция мүчөлөрү Бишкектеги Кытай кафелеринде колдонулуп жаткан эттер Кытайдан алып келинип жатканын айтып, анын кандай жол менен кирип жатканын текшерүү керектигин сунушташты.


Жогорудагы чиновник буйволдун этиге уруксат берсе, демек ал эт кайсы кафе-ресторандарда колдонулуп жатканы боюнча элге маалымат берсин. Эгер кайсы бир кафе-ресторан кардарларды алдап, мал эти ордуна буйвол этин жедирчу болсо, ошол кафе-рнсторандын кожоюну, администратору жана жогорудагы ветеоинария жана фиттосанитария боюнча инспекция жоопко тартылсын!