Эртең футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 9-туру старт алат
Эртең, 19-майда футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын 9-туру старт алат. Бардык беттештер 17:00дө башталат.
Кант шаарындагы Абдыш-Ата стадионунда "Абдыш-Ата" "Илбирс" командалары кез келсе, Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда "Академия" "Нефтчи" оюну өтөт. Ал эми Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда "Кара-Балта" "Дордой" командалары беттешет.
Ошондой эле 20-майда Кант шаарындагы "Абдыш-Ата" стадионунда "Алга" жана "Алай командалары кез келет.
8 турдан кийин бомбардирлер жарышында "Алайдын" оюнчусу Кожо Жоел 9 голу менен сап баштап келе жатса, экинчиде 6 гол киргизген Гүлжигит Бөрүбаев жана Алиа Силла келе жатышат.
Ал эми турнирдик тизмеде "Алай" 17 упай менен сап баштап келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nurik.1100

18.05.2018. 21:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алай чемпион болгону менен АФКга жарабайт экен...
Nurik.1100

18.05.2018. 22:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга аракет кылып көрүшү керек ... Эмки жылы...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.