Төрт айда мыйзамсыз иш аракеттери үчүн 82 милиция кызматкери жумуштан кетирилген

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында Ички иштер министрлигинин курамынан мыйзамсыз иш аракеттери үчүн 82 кызматкер бошотулган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
“2018-жылдын алгачкы 4 айында 82 милиция кызматкери мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кызмат ордунан бошотулган. Алар кылмыш иши козголгон адамдар, алардын арасында мыйзамсыз баңгизаты менен алектенген кылмыштуу топторго кошулуп иш алып баргандары да бар. Айрымдары жогорку офицердик курамдагы кызматкерлер болушкан. Андан сырткары 100 кызматкер кызматтык милдеттерин аткара албаганы үчүн жумуштан кетирилген. Бул кадамдар менен биз өзүбүздүн катарыбызды тазалап жатабыз десек болот”, - дейт Курсан Асанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Pamirlan

18.05.2018. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа жакшы азаматтар таза иштегиле
karakulja

18.05.2018. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи 82си калат жакшылап чукуса калганы корупциялашып кеткен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.