Өлкөдө 50 миңден ашуун бала жакындарынын колунда тарбияланууда. Алардын ата-энелери мигрант болуп жүрүшөт

Учурда өлкө аймагында 50 миңден ашуун бала жакындарынын колунда тарбияланууда, алардын ата-энелери мигрант болуп жүрүшөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
"Биздин кызматкерлердин ар бир үйгө кирип текшерип, тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында 50 миң 747 бала жакындарынын колунда тарбияланып жатканы, алардын ата-энелери мигрант болуп жүрүшкөнү белгилүү болгон. Анын ичинен 11 миң 439 баланын ата-энеси ички миграцияда жүрсө, 39 миң 308 баланын ата-энелери чет өлкөлөрдө жүрүшөт", - деди Курсан Асанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
-2

Ал эми Асановдун "ички иштер кызматкерлери ар бир уйго кирип" дегени Кудайга жакпаган калп. Жомогун атасына барып айтсын Курсан Асанов!!!