ИИМ: "Токмоктогу убактылуу кармоочу жайдан жашы жете элек 3 баланын качып кеткенине байланыштуу тийиштүү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды"

Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан жашы жете элек 3 баланын качып кеткенине байланыштуу тийиштүү кызматкерлерге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.
"Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалган, учурда улантылып жатат. Токмок шаарынын ШИИБинин жетекчиси, анын орун басарлары жана Чүй ОИИББинин жетекчилери да тиешелүү түрдө жазаланды. Айрымдарына сөгүш жарыяланса, айрымдарына катуу эскертүү берилди. Жадакалса ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерине да чара көрүлдү. Негизинен бул окуя боюнча өтө көп кызматкерлер жазаланды", - деди Курсан Асанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Jelezo

18.05.2018. 20:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аларды сөгүп отурбай кызматтан алыш керек,качырып жиберип эми сөгүшүп отура берет экенсиңер да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.