Бүгүн Бишкекте "Музейлер түнү" акциясы башталат
Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында "Музейлер түнү" аттуу маданий акция башталат. Бул тууралуу "OYOUM group" чыгармачыл тобунун өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш чара кечки саат 18:00дө башталып, түнкү саат он экиге чейин уланат. Ар бир маданий жайда ар башка программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар тартууланат.
Иш чаранын алкагында шаар тургундарына жана конокторго өз эшигин ача турган жайлардын тизмеси:
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана;
- Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры;
- "Туңгуч" жаштар театры;
- Михаил Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык үй-музейи;
- Ольга Мануйлова атындагы мемориалдык үй-музейи;
- Семён Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейи;
- Сүймөнкул Чокморовдун кол өнөрчүлүк музейи;
- Ачык асман алдындагы "Эмен багы" сүрөт музейи;
- Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи;
- Чыңгыз Айтматов атындагы тасма үйү;
- Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн "Эмен багы" паркындагы көрсөтмө залы;
- "Asanbay" заманбап өнөр галереясы;
- 705 чыгармачыл тобу;
- "Loft" цехи;
Аталган иш-чара 20-май күнү алгачкы ирет өлкөнүн башка аймактарында да өтөрүн уюштуруучулар кошумчалады.
Өлкөнүн башка аймактарында "Музейлер түнү" акциясы өтчү жерлер:
- Ош шаары, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;
- Талас шаарындагы "Манас-Ордо" улуттук комплекси;
- Баткен облустук драма театры;
- Жалал-Абад шаарындагы "Билимкана" галереясы;
- Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы "Shygaev museum" заманбап искусство музейи;
- Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борбору;
- Нарын шаарындагы тарыхый-этнографиялык музей.
Айта кетсек, аталган иш-чараны “OYOUM group” чыгармачыл тобу Маданият жана туризим министрлиги менен биргеликте бешинчи ирет өткөрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Zarema94

21.05.2018. 08:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик музейдечи?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.