Караколдо апалар флешмоб бийлеп, Энелер күнүн майрамдашты








Караколдо Энелер күнү белгиленип, 6 апага "Кадырман эне" наамы тапшырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Каракол шаарынын администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрам бүгүн, 18-майда белгиленген.
"Каракол шаарында "Энелерге даңк" жумалыгынын алкагында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди. Ага аймактагы район, шаарлардан келген ардактуу эс алуудагы энелер катышты. Иш чаранын жүрүшүндө 6 апага "Кадырман эне" наамы тапшырылды. Апаларды өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э. Усенова жана шаардын вице-мэри Орозова куттуктады. Майрамда энелер улуттук кийимдерди кийип, элечек кийүү боюнча мастер-класс көрсөтүлдү. Ошондой эле улуттук оюндар уюштурулду. Концерттик программа болуп, энелер флешмоб бийлешти", - деп билдирди администрациядан.
Караколдо энелер флешмоб бийлешти
