ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Испаниянын атактуу дарбазачыларынын бири Икер Касильяс 37 жашка толду
Испания курамасынын мурдагы дарбазачысы, учурда португалиялык "Порту" футболдук клубунун намысын коргогон Икер Касильяс бүгүн 37 жашка толду. Ал 1981-жылы 20-май күнү Мадрид шаарында төрөлгөн.
Икер Касильяс Испаниянын курамында капитан катары чыгып 2008 жана 2012-жылы Европа чемпиондугун, 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал Испаниянын курамында жалпысынан 167 оюнга катышып, курамасы үчүн беттеш өткөргөндөрдүн рекордчусу. Ошондой эле Испания курамынын 73-беттешинде дарбазасына гол өткөрбөй, курамалар арасындагы рекордду койгон.

Ал мадриддик "Реал" клубунун курамында 2000-2015-жылдар аралыгында 15 жыл ойногон. Бул аралыкта Чемпиондор Лигасын 3 жолу, Испания чемпиондугун 5 ирет, Испания кубогун 2 ирет, УЕФАнын супер кубогун 2 жолу жана башка көптөгөн мелдештердин жеңүүчүсү аталган.

Португалиянын "Порту" командасынын курамына 2015-жылы кошулуп, аны менен Португалиянын 2017/18-жылдагы чемпиону болгон. Футбол талаасында жалпысынан 105 оюн өткөргөн.

Мындан сырткары Дүйнөнүн мыкты дарбазачы наамын 5 ирет (2008, 2009, 2010, 2011, 2012) жеңген. УЕФАнын версиясы боюнча жылдын символдук курамасына 6 жолу (2007, 2008, 2009, 2010, 2011, 2012) кирген. Икер Касильяс - капитан катары Дүйнө биринчилигин, Европа чемпионатын жана Чемпиондор лигасын жеңген үч адамдын бири. Ошондой эле 2010-жылы Дүйнө биринчилигин жеңгенден кийин "Алтын мээлей" наамын уткан.

Атактуу футболист 2009-жылдан тарта испаниялык теле алып баруучу Сара Карбонеро менен жолуга баштаган. Алардын сүйүүсү 2010-жылы Түштүк Африкада болгон Дүйнө биринчилигинин финалында стадиондо камералардын коштосунда кумарлануу менен өбүшүүсү элдин эсинде калган. Алар 2014-жылы 3-январда Мартин аттуу уулдуу болушса, 2016-жылдын 2-июнунда Лукас аттуу уулу жарык дүйнөгө келген.

Икер Касильяс 17-май күнү "Порту" клубу менен келишимин дагы бир жылга узартты. Бул болсо 37 жаштагы футболчунун дагы да күчтүү дарбазачы экенин айгинелеп турат.
20-майдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
umar.kgz

20.05.2018. 04:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уважаю Касильяса,лучший воротарист ..
Meni_unut

20.05.2018. 11:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик
Ernic

20.05.2018. 13:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында дүйнөнүн мыкты дарбазачысы эле. Эх ушундай улуу дарбазачыны балай албаган клуб.((
Bakulya97

20.05.2018. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Утпаган сыйлыгы калбаптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.