ЭЛДИК ВИДЕО: "Ардагерге берилди делген пакеттин ичинде эмнелер бар?"
Медиа-порталдын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине берилген баштыктагы азык-түлүктөр" деген видео жүктөлдү.
Видеодон жүзүн көрсөтпөгөн аялдын баштыктан азык-түлүктөрдү алып чыгып, бул баштыкты берген тарапка нааразы болуп жатканын көрүүгө болот. Мындай видеону социалдык тармактын Света Байтикова аттуу колдонуучусу да жүктөп, андагы билдирүүлөрдү өзү айтып жатканын комментарий жазган колдонуучуларга жооп катары жазган.
Автор баштыктан бир куту чай, 1 килограмм макарон, 1 килограмм күрүчтү жана соңунда целлофан баштыкка салынган таттууларды алып чыккан да: "Бул азык-түлүктөрдү 15-майдан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оорукта эмгектенгендерге беришкен. Алар шаарда болгону 500дөй калышты. Өзгөчө көңүлдү мына бул таттуулар бурат, сынганбы же тиштелгенби жарым болгон печеньелер, мөөнөтү өткөн конфеттер... Муну бергендер ардагерлерди шылдыңдап жатабы? Мен муну атама көрсөтүүдөн уялдым, алар бизди аталарыбызды бага албай калды деп ойлодубу? Уят", - деп айткан ал. Бирок бул баштык кайсы мекемеден келгенин ачык айткан эмес.
Видеого көптөгөн билдирүүлөр келип түшкөн. Айрым колдонуучулар: "Азыкты кесир кылган болбойт, кандай берсе да ардагерлердин эрдигине ыраазы болуп, чын көңүлүнөн берсе болду, бардык эле тургундар ушундай азыктарды сатып алып жейт, жаман деген болбойт", - деген ойлорун жазган.
Арасында Байтикованын пикирин колдоп: "Ардагерлерге мындай мамиле жасоо - шылдыңдоого барабар" дегендер да көп. Бирок колдонуучулардын басымдуу бөлүгү видеонун авторуна баштыкты берген тарапты ачык айтышы керек экенин билдиришкен. Мындай билдирүүлөргө автор Бишкек шаарындагы Ленин райондук акимчилигинен келгенин жооп катары калтырган.
Өз учурунда Бишкек шаардык мэриясы бул баштыкты мэрия да, Ленин райондук акимчилиги да бербегенин жарыялады.
"Бул видеонун Бишкектеги 4 районго тең тиешеси жок. Ал эми Ленин райондук акимчилиги ардагерлерге белекти кутуга даярдалган түрдө берген. Ар бир кутуну даярдоого 1 миң 980 сомдон бөлүнүп, ага 2 куту чай, жемиш ширеси, шампан, килограмм шоколад конфети, печенье жана түрдүү жемиштер салынган", - деди.
Ал эми Байтикова мындай кутуну алар да алгандыгын айтып, бул баштык андан кийин Ленин райондук акимиатындагы Ардагерлер кеңеши тарабынан түзүлгөн тизменин негизинде келгенин билдирип, бардык колдор коюлган кагазы да бар экенин кошумчалады. Ошол эле учурда Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы видеонун авторунан баштыкты алып келип бергендердин дарегин конкреттүү атоосун талап кылып, ошонун негизинде тиешелүү териштирүүлөр жүрө тургандыгын билдирди.
Ал эми колдонуучулар: "Балким, бул окуучулардын чын көңүлдөн берген белеги чыгар. Автор, видеону жарыялап туура эмес кылгансың", - деген пикирлерин улантышууда.
кошулду
Ардагерге берилген пакеттин ичинде эмнелер бар?


бөлүп бергенден кийин жакшы кылып жасап бериш
керек эле. Ачка олтургандарды арага тыга койбой.
Согушта кандай кан кечип жениш алып келген чоң аталар
Ошол берген адамдар оздору жейт бекен ушул канттарды