super.kg logo

Астротөлгө: 20-май күнү төрөлгөндөр жылдыздуу болушабы?

 

20-май күнү жарык дүйнөгө келгендер назик, ийкемдүү, бат өзгөрүлгөн адамдар болушат. Алар жылдыздуу келип, сулуулугу менен адамдарды өзүнө магниттей тартып турат. Бул күнү төрөлгөн букачарлар менен баарлашуу ырахат тартуулайт.

Ачык-айрым мүнөзгө ээ. Фантазиясы жогорку деңгээлде өнүккөн, чыгармачыл инсан болгондуктан алардан искусство адамдары көп чыгат. Сынды көп айткан калыс адамдар. Бир нерсени үйрөнүп, өздөштүрүп кетүү кыйын иш эмес. Бирок көп учурда терең изилдөө жасабайт.

Айланасындагы адамдарга ашыкча көңүл буруп, кол сунгандыктан энергиясын көп коротот. Мындан улам өздөрүн бекем кармай албайт. Жалгыздыкты жек көрөт. Ошондуктан көңүл ачуучу чөйрөнү издеп, убакытты шаңдуу өткөрүү менен алек болушат.

Баса, бул күнү жарыкка келгендер саякатка чыгып, башка өлкөнүн маданияты менен таанышууну сүйөт. Бирок сабырсыз келгендиктен алыскы сапарга чыгуу алардын ачуусун чымчылайт.

Жылдыздар бул күнү төрөлгөндөргө өздөрүн сырттан карап баа берип, кемчиликтерин оңдоосун сунуштайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: