super.kg logo

Астротөлгө: 21-май күнү төрөлгөндөр эмгекчил болушабы?

 

Бул күнү дымагы күч, эч качан жаны тынбаган, эмгекчил эгиздер төрөлөт. Алар жаңычылдыкты, жаңы таанышууларды жана дайыма кыймылда болууну баалайт. Бардык жакшылыгы менен бөлүшүп турууга, баарлашууга дайым даяр.

Ушул күнү жарыкка келгендер күчтүү, оюндагысын аткарган, каршылыктардан коркпогон тайманбас болот. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун бет алган багытынан баш тартпайт.

Идеяларын ишке ашырып, ишмер экенин далилдей алат. Анткени алардын кызыгуусу, каалоосу узакка чейин жоголбойт.

21 санынын алдында төрөлгөндөр коомдун кызыкчылыгы үчүн иштөөнү туура деп эсептейт. Алар башкаларга кол сунуп, жылмаюу тартуулаганы менен башкалардын жардам берүүсүн жактыра бербейт. Бул көрүнүш аларды басынтуу деп кабыл алат.

Ал эми жумуштун бардык этаптарынан өткөндүктөн жалгыз иштөөгө көнүп калган. Башкаруу жөндөмүнө ээ болгондуктан жетекчи болсо жарашат. Андыктан идеяларын тартынбастан сунуштап, өзүн көрсөткөнү оң.

Айрым учурда өзүмчүлдүк кылып, кытмыр оюн ишке ашыргысы да келет. Бирок мындай оюн оңдоп, кетирген каталарынан сабак алышы керек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: