super.kg logo

Мухаммедкалый Абылгазиев: "Газа тилкесиндеги абал боюнча Кыргыз өлкөсү терең тынчсызданат"

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Газа тилкесиндеги абал боюнча Кыргыз өлкөсү дагы тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөп жатып Кыргыз мамлекети Газа тилкесиндеги абалга кабатырланарын айтты.

"Кыргыз Республикасы абалдын кескин курчуп жана Газа тилкесиндеги протесттердин натыйжасында көп сандаган жөнөкөй жарандардын өлтүрүлгөнүнө жана жарадар болушканына байланыштуу өтө тынчсызданып жатат", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өкмөт башчы 2018-жылдын 14-майындагы кагылышуулардын натыйжасында болгон көп сандаган курмандыктарга байланыштуу Палестина элине терең көңүл айтты.

"БУУнун Башкы ассамблеясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы резолюциясын БУУнун мүчө өлкөлөрү көпчүлүк добуш менен кабыл алганына карабастан АКШнын Элчилигинин Аль-Кудс (Иерусалим) шаарына которулушу Палестина-Израиль жаңжалын тынчтык менен жөнгө салуу боюнча эл аралык коомчулуктун күч-аракетин жокко чыгарды жана кырдаалды татаалдаштырды. Биз бул окуяларга катышы бар бардык тараптарды жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн адам курмандыктарын болтурбоо максатында өтө сабырдуу болууга чакырабыз", – деп баса белгилеген.

Айта кетсек, 18-май күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
19.05.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын жерлери учун тынчсыздангыла газаны эмне кыласынар, кытайларлардан карыз ала берип жердин барын алдырбасанар болду, ошону ойлогулачы
19.05.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото маанилуу соз суйлоптур. Бизде копчулунун позициясы угундай болсо керек
19.05.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин колубуздан эч нерсе келбейт. Андан коро озубуздун проблема-ды чечип алалычы.
19.05.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бироого тынчсызданганды ким койду?Баткенде чек арага тынчсыздан,олкодогу коррупцияга тынчсыздан,элди араласан .отуно кирет тынчсыздана турган нерселер.Биринчи озубузду эптеп алайлы анан бироого тынчсызданалы.Тынчсыздансан жардам бере аласынбы...жооок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: