Кубадагы кулаган учакта каза болгондордун саны 110го жетти





Куба бийлиги кулаган "Боинг 737" учагында каза болгондордун саны 110 адамга жеткенин маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон адамдардын ичинде экипаж мүчөлөрү, 20га жакын дин кызматкерлери жана 5 жаш бала да бар экени Куба мамлекетинин Транспорт министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Эске салсак, 18-май күнү Кубанын борбору Гавана шаарында жүргүнчүлөрү менен "Боинг 737" учагы кулап 100дөн ашык адам курман болгонун, 3 адам аман калганын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Учак Гавана шаарынан Ольгин шаарына багыт алып, абага көтөрүлгөн соң бир нече мүнөттөн кийин жерге кулаган.
Куба өлкөсүндө эки күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
Dinaa

20.05.2018. 12:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын жаман болуптур коркуп да калдым самалетко чыгыштан да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.