super.kg logo

Британиянын ханзаадасы Гарринин мурдагы сүйлөшкөн кыздары үлпөт тойго келген

 
Ханзаада Гарри жана Меган Маркл
Челси Дейви
Крессида Бонас жана Челси Дейви

Британиянын ханзаадасы Гарринин үйлөнүү үлпөтүнө анын мурдагы сүйлөшкөн кыздары келген. Бул көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууланууда.

Белгилүү болгондой, ханзаада Гарри үлпөт тойуна мурда сүйүү мамилесин курган 3 кызды чакырган. Бирок дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурган тойго 32 жаштагы Челси Дейви жана 29 жаштагы Крессида Бонас келген. Челси Дейвинин капалуу отурган сүрөттөрү "Сенин мурдагы сүйүктүүң үйлөнүп жатканда" же "Меган Марклдын ордунда мен болушум керек!" деген билдирүүлөр менен социалдык тармактарга жайылган.

Белгилей кетсек, Челси Дейви менен ханзаада Гарри коңшу мектепте окуп, бири-бирин бала кезинен эле таанычу. Алардын сүйүү мамилеси 2004-жылы ханзааданын Африка өлкөсүнө кайрымдуулук иш сапарына барганда башталган. Алардын мамилеси 2010-жылга чейин уланган. Учурда Челси Дейви Британиянын мурдагы маданият министринин уулу менен сүйүү мамилесин куруп келет.

Ал эми актриса, бийчи Крессида Бонас ханзаада менен 2012-жылы мамиле курган. Алардын сүйүү романы 2 жылга созулган. Актрисанын көзүнө жаш тегеренип, тойдо көңүлсүз отурганын чет элдик басылмалар жазып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
21.05.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
А может башка нерсени ойлоп капаланып кеткендир?! СМИлерда эптеп эле шоу кыла беришет!
21.05.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Крессида Бонас жакты мага
21.05.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйгонунун тойунда отуруш деле оной болбосо керек
21.05.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунчалык жонокой болушат тан каласын уйдо отуруп эле прическа жасатпай туруп келе Берген сыяктуу....Келин деле прическасын озу жасап алганбы мне????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: