Министрдин мурдагы орун басары Касымбаевдин уулу делген айдоочу камактан чыгарылды. Ал кызды сүзүп, тебелеп кеткен деп кармалган



Мас абалында унаа айдап бара жатып жаш кызды тебелеп алган деп кармалган айдоочу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы К.К. аттуу кызды сүзүп алган Н.Н аттуу айдоочу соттун чечими менен 7-май күнү үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, кырсык 14-апрелде саат 04:41де Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 19 жаштагы кызды сүзүп, кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Окуянын видеосу да таркаган. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган. Сүзүп алган 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 16-апрелде СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кызды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылган. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тарткан.

Тигил жакта Соке бакылдап жатат, сот системасын реформалоо керек, коррупциялашып кетти деп. Бул жакта аны уккан соттор мыйыгынан кулуп, колунан эмне келет эле деп, оз билген .... жеп отурат, пара алып кое берип...
Бизде атайылап эле созуп журо беришет да, эл унутуп калганда актап кое б
Айдоочу мас болсо, катуу ылдамдыкта келип олтуро сузуп, ал аздай кайра устуно айдап тебелеп жатса, тосмо арыз деп кое беруу сенин логиканда туура нерсеби?!!
Кылмыш кылганы ачык корунуп турат, бул окуя кокустук эмес, анткени айдоочу мас абалында унаа айдоосу озу кооптуу. Анан катуу ылдамдыкта айдаса албетте бироону сузот да. Кылмыш кылдыбы, камалышы кере
Саламатсызбы! Сунушуңуз эске алынат, рахмат.
Ал гана эмес, 10 ай илгери Ош-Бишкек жолунда (Шамалды-Сайга жакын) 8 адамдын омурун алган жол кырсыгы боюнча соттук териштируу бутпой жатат имиш. 10 айда техникалык экспертиза жасалбаптыр. Айдоочу болсо "жиндимин" деген справка алып алыптыр. Мына силерге биздин соттор, "акыйкаттуулук"...